• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда эпидкырдаал толугу менен жакшырды деп айтууга эрте — Боронов

Өкмөт 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал толугу менен жакшырды деп айтууга эрте. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, коомдук жайларда, билим берүү мекемелеринде кабыл алынган алгоритмдерге ылайык санитардык-эпидемиологиялык талаптар күчөтүлөт.

"Январь айынан бери президентибиз башында туруп, өкмөт эпидемиологиялык жана экономикалык абалды туруктуу кармап туруунун үстүндө колубуздан келишинче аракет жасадык", - дейт ал.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, 19-мартта Кыргызстанда алгачкы 3 адамдан вирус чыккан кезде, дүйнөдө 169 мамлекетте вирус катталган болчу. Аягына чейин вирусту өлкөгө киргизбегенге мүмкүн болушунча аракет жасалды.

“Кээ бир мамлекеттерде вирус катталгандан кийин 15 күндүн ичинде эле жогорку чекке чыга түшкөнүн көрдүк. Кыргызстанда бул учур июнь айынын аягы – июлдун башында жетти. Ага чейин, катуу кыйналганыбызга карабастан, өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал сыяктуу карантиндик режимди киргизүү менен оорунун тез жайылышына жол берилген жок, - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий