• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда эпидкырдаал туруктуу, бирок коронавирус катталып жатат – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жуктуруп алган 48 учур катталды. Бул тууралуу бүгүн саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Россияда бир айда коронавирус жуктуруп алгандар 2 эсе азайды. Казакстанда буга чейин бир күндө 1 миң же 1 миң 500 учур катталса, эми 600гө түштү.

"Кыргызстанда дагы эпидемилогиялык кырдаал туруктуу, бирок коронавирустук тастыктоолор катталууда. Андыктан алдын алуу иш-чараларды токтотууга болбойт", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий