• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда эпизоотиялык абал туруктуу

Коом 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда эпизоотиялык абал туруктуу. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы Калысбек Жумаканов билдирди.

Ал белгилегендей, учурда малдарды жазгы эмдөө иштери аяктап калды.

"Ветеринардык кызматтын негизги максаты республиканын аймагында эпизоотиялык туруктуулукту камсыздоо. Бүгүнкү күнү эпизоотиялык абал туруктуу сакталып турат. 2020-жылдын 4 айын карап көрсөк, бизде жугуштуу оорулардын 43 очогу катталыптыр. Бул былтыркы жылга караганда 4 очокко аз. Бизде ооруларга каршы пландуу түрдө жасалуучу атайын иш-чаралар бекитилген. Алар жазгы жана күзгү болуп экиге бөлүнөт. Азыркы мезгилде жазгы ветеринардык эмдөө, изилдөө иштерин толугу менен жасап бүттүк. Учурда мал жазгы жана жайкы жайыттарга чыгып жатат. Эмдөөдөн өткөрүлгөн малдар гана жайытка чыгыш керек деген максатты көздөп иш алып барып жатабыз. Өзгөчө коркунучтуу, транс чек аралык экономикага зыян алып келе турган, бат тарай турган оорулар бар. Ал оорулардын саны учурда жетини түзүүдө. Учурда бардык тиешелүү каражаттар менен камсыз болгонбуз. Февраль айында эле ар бир ветеринарга дары-дармектер жеткирилип берилген. Бүгүнкү күнү өтө коркунучтуу шарп, күл, чума, сибирь жарасы, кутурма деген сыяктуу оорулар биздин республикада катталган жок", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий