• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстанда эт 1,7 пайызга көп өндүрүлдү

Экономика 0

Бшкек, 16.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын ноябрь айына карата республикада бардык категориядагы чарбакер субъектилерде 299,0 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, 4959 тонна, же 1,7 пайызга өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт көбүрөөк өндүрүлдү.

Эт өндүрүүнүн көбөйүшүнүн эң негизги себеби малдын санынын көбөйүшү менен байланыштуу.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2021-жылдын 1-январына карата республикада ири мүйүздүү малдын саны 35,0 миң башка көбөйүп 1715,7 түздү, кой жана эчкинин саны 11,9 миң башка көбөйүп 6278,7 башты түздү, жылкынын саны 17,0 миң башка көбөйүп 539,6 миң башты түздү, ал эми чочколордун саны 5,2 миң башка азайып 29,4 миң башты түздү жана үй канаттуулардын саны 140,7 миң башка азайып 6070,4 башты түздү.

Белгилей кетчү нерсе, 2021-жылдын ноябрь айында республиканын бардык облустар боюнча эт көбүрөөк өндүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий