• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда эттин баасы бир жыл ичинде 22 пайызга кымбаттаган

Экономика 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда эттин чекене баасы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Маалыматка ылайык, республика боюнча уйдун этине болгон баалар 1 кг үчүн орточо 478,1 сомду түзгөн жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 77,9 сомго же дээрлик 20 пайызга өскөн. Ал эми койдун этинин баасы (тиешелүүлүгүнө жараша), 484,7 сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 25%га кымбаттаган.

Муну менен бирге, уйдун этине максималдуу чекене баалар Ош, Кара-Суу (бир кг үчүн 500 сом), жана Бишкек (бир кг үчүн 481,3 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми аларга карата минималдуу баалар Токтогул шаарында (бир кг үчүн 410 сом), Покровка айылында (бир кг үчүн 440 сом) жана Каракол шаарында (бир кг үчүн 447,5 сом) катталды.

Койдун этинин чекене баалары Кара-Суу (бир кг үчүн 550 сом), Ош (бир кг үчүн 525 сом) Жалал-Абад, Кербен, Исфана, Баткен, Ноокат жана Өзгөн (бир кг үчүн 500 сом) шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн ашты, ал эми ага карата минималдуу баалар Покровка айылында (бир кг үчүн 430 сом), ошондой эле Каракол, Токтогул шаарларында жана Чаек айылында (бир кг үчүн 450 сом) байкалды.

Өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу уйдун этине болгон баалардын олуттуу жогорулашы 26,3 пайызга Каракол жана Нарын шаарларында катталды. Койдун этине баалардын олуттуу өсүшү Кербен (31,6 пайызга), Токмок (29,7 пайызга) шаарларында жана Чаек айылында (28,6 пайызга) катталды.

27-октябрга карата Кыргыз Республикасы боюнча
орточо керектөө баалары

(бир кг, сом)

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий