• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда эттин баасы бир жылдын ичинде дээрлик 36 пайызга жогорулады

Экономика 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 14-июлуна карата уйдун этине болгон баалар республика боюнча 1 кг үчүн орточо 464,76 сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, баалар өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 108 сомго же дээрлик 30,3 пайызга өскөн. Ал эми койдун этинин баасы, тиешелүүлүгүнө жараша, 488,47 сомду түзгөн же 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 41,1 пайызга өскөн.

Муну менен бирге, уйдун этине максималдуу чекене баалар Жалал-Абад (бир кг үчүн 496,23 сом), Нарын (бир кг үчүн 484,64 сом), Ош (бир кг үчүн 482,03 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми аларга карата минималдуу баалар Покровка айылында (бир кг үчүн 425,93 сом), Баткен (бир кг үчүн 433,27 сом) жана Исфана (бир кг үчүн 434,97) шаарларында катталды.

Койдун этинин чекене баалары Кара-Суу (бир кг үчүн 527,98 сом), Жалал-Абад (бир кг үчүн 525,98 сом) жана Ош (бир кг үчүн 509,44 сом) шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн ашты, ал эми ага карата минималдуу баалар Покровка айылында (бир кг үчүн 422,98 сом), ошондой эле Кара-Балта (бир кг үчүн 447,65 сом) жана Каракол (бир кг үчүн 448,49 сом) шаарларында байкалды.

Өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу уйдун этине болгон баалардын олуттуу өсүшү Жалал-Абад, Ноокат жана Өзгөн шаарларында катталды. Койдун этине баалардын олуттуу өсүшү Кара-Суу, Жалал-Абад жана Токмок шаарларында катталды.

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий