• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда Евробиримдик – Борбор Азия I экономикалык форуму өтөт

Экономика 0

Бишкек, 08.07.19. /Кабар/. Келерки жылы Кыргызстанда Евробиримдик – Борбор Азия I экономикалык форумун өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Бул маселе кечээ, 7-июлда Бишкекте өткөн Европа Биримдиги – Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин 15-жолугушуусунда айтылган. Ал иш-чара Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин катышуусунда КРнын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерининин төрагалыгы астында өткөн.

Министрлердин жолугушуусунун жүрүшүндө Евробиримдик менен Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн кызыкчылык жараткан маселелердин кеңири спектри боюнча ачык жана ишеним жараткан пикир алмашуу болду.

Жолугушууда ушул жылдын 17-июнунда Евробиримдик тарабынан жактырылган Борбордук Азия боюнча Евробиримдиктин жаңы Стратегиясы сунушталды.

Тараптар Евробиримдиктин аймактык жаңы Стратегиясын мындан ары ишке ашыруунун, аны конкреттүү программалар жана демилгелер менен толуктоо маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле укуктун үстөмдүгү, демократияны илгерилетүү жана адам укуктарын камсыздоо, коопсуздукту камсыздоо, айлана-чөйрө, климаттын өзгөрүшү жана суу ресурстарын башкаруу, жеке секторду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, сооданы өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикасына, энергетикасына санариптик технологияларды киргизүү, транспорттук байланыштарды өнүктүрүү, билим берүү жана жаштар сыяктуу Евробиримдиктин жаңы Стратегиясынын алкагындагы негизги багыттарды натыйжалуу ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашылды.

Евробиримдик – Борбордук Азия тышкы иштер министрлеринин 15-жолугушуусунун алдында, ушул жылдын 5-6-июлунда Бишкек шаарында Евробиримдик жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жеке секторунун, жарандык коомунун, жаштардын жана илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда биринчи жолу Евробиримдиктин форуму болуп өттү.

Евробиримдик – Борбордук Азия форумунун жана Евробиримдик жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин 15-жолугушуусунун жүрүшүндө кыргыз тарап Евробиримдик менен аймактын өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын натыйжалуу механизми боло ала турган Евробиримдик – Борбордук Азия I экономикалык форумун өткөрүү демилгеси менен чыкты. Бул демилгени форумдун жана Евробиримдик – Борбордук Азия жолугушуусунун бардык катышуучулары колдошту. Кыргыз тарабы I экономикалык форумду 2020-жылы Кыргызстанда өткөрүүнү пландаштырууда.

Ошондой эле тараптар Борбордук Азиядагы уран калдыктарынын көйгөйлөрүн чечүү боюнча Евробиримдик менен биргелешкен ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Бул контекстте кыргыз тарабы Борбордук Азиядагы уран калдыктары бар жерлерди рекультивациялоо боюнча Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын талаасында пландаштырылган сайд-ивентти өткөрүү тууралуу Евробиримдикке жана Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген кесиптештерге маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий