• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда футбол боюнча «БУУнун достук кубогу» мелдеши старт алды

Спорт 0

Бишкек, 10.10.17./Роман Гайнанов – Кабар/. КР футбол Федерациясынын стадионунда Эл аралык кыздар күнүнө арналган “БУУнун достук кубогу” мелдешинин ачылышы болду.

Бул жылы Кыргызстандан 100 кыз эки күндүк футбол оюнуна жана окуу лекцияларына катышат. Алар “Ар бир кыздын үнү угулушу керек” урааны жана “Жашоого кошул” чакырыгы астында өткөрүлмөкчү.

“Кыздарга инвестиция жасоо ар бир өлкөнүн өнүгүшүндө чоң ролду ээлей тургандыгын эстен чыгарбашыбыз керек. Ар бир кыз толук билим алууга, саламаттыкты сактоо кызматтарына жана өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга мүмкүндүк алышы керек”,-деди ЮНИСЕФдин КРдеги башкы өкүлүнүн м.а., Мунир Мамедзаде.

КР Футбол федерациясынын президенти Семетей Султановдун айтымына караганда, федерация кыздар арасындагы футболду активдүү түрдө өнүктүрүп келе жатат.

“Биз абдан кубанычтабыз, анткени бул оюн кыздардын укук маселесин дагы бир ирээт көтөрүп жатат”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий