• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда үгүт учурунда жалпы 219 мыйзам бузуу катталды – БШК

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда үгүт учурунда жалпы 219 мыйзам бузуу катталды. Анын ичинен Жоруктар кодекси боюнча 129, Административдик жоопкерчилик кодекси боюнча 90 факты катталган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, Жоруктар кодекси боюнча 129 фактынын ичинен экөө соттун кароосуна жөнөтүлүп, 47си токтотулуп, 77си тергелип, дагы 2 кылмыш иши бириктирилген.

"Мындан тышкары, Административдик жоопкерчилик кодекси боюнча 90 фактынын анын ичинен 40ы токтотулуп, 47си тергелип, үчөө бириктирилген", - деди ал.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 16 саясий партия ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий