• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстанда гемофилия боюнча Координациялык комитет түзүлдү – ал эмне иш аткарат?

Коом 0

Бишкек, 17.04.19. /Кабар/. Кыргызстанда гемофилия боюнча Координациялык комитет түзүлдү. Комитеттин узак мөөнөттөгү планына 2021-жылга чейин калкты фактор 1МЕ VII концентраты, фактор 0,3МЕ IX концентраты менен камсыз кылуу кирет.

Комитет 2020-жылга чейин Ош жана Ысык-Көлдө гемофилияны дарылоо боюнча аймактык борборлорду түзүү боюнча иш алып барат.

Мындан тышкары, кандын уюшу бузулган жарандарга жардам бере турган дарыларды (колдонуу мөөнөтү 6-12 ай) өлкөгө алып келүү тартибин жөнөкөйлөтүү.

Ошондой эле комитет тукум кууган коагулопатия диагнозу менен бейтаптар дары-дармектерди каттоосуз ал келүүгө уруксат берүү боюнча иш алып барат.

Андан тышкары ошол оорунун оор формаларын аныктоону жакшыртуу боюнча да иш жүрөт.

Комитеттин кыска мөөнөттөгү пландары:

- Ош жана Ысык-Көл облустарында гематолог жана үй-бүлөлүк дарыгерлер үчүн семинар өткөрүү;

- гемофилия менен ооруган бейтаптардан 8,9 фактор деңгээлин аныктоого түштүк аймактын лаборанттарын окутуу;

- Санкт-Петербург жана Москва шаарларындагы гемофилияны дарылоо борборлорунда аймактык гематологдорду окутуу.

Пикир

Оставить комментарий