• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстанда геологиялык изилдөө жана чалгындоо иштерине лицензия берүүгө убактылуу тыюу салынды

Өкмөт 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Жер казынасын геологиялык изилдөө жана чалгындоо, алтын, күмүш жана жезди иштетүүгө байланышкан иш-аракеттерди лицензиялоого убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма соз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Бул буйрук учурдагы лицензиялардын мөөнөтүн узартууга жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоо боюнча жер казынасын өзгөчө укуктарына жайылтылбайт.

Белгилей кетүүчү жагдай, КР президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Ала-Бука, Чаткал райондорунун эли менен жолугушуу учурунда мындан ары лицензия берилбей турганын белгилеп, буга чейин уруксат алган компаниялар ишмердүүлүгүн жүргүзө берерин кошумчалаган.

Пикир

Оставить комментарий