• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда үй-бүлөлүү карылардын 95,2%ы уюлдук телефон көтөрөт - изилдөө

Коом 0

Бишкек, 19.11.18. /Кабар/. Кыргызстанда үй-бүлөлүү карылардын 95,2%ы уюлдук телефон көтөрөт. Бул тууралуу КРнын Улуттук статистикалык комитетинин изилдөөсүндө айтылат.

Жалгыз турган карылардын көрсөткүчү азыраак – 88,8%.

“Шаар жергесинде жашаган үй-бүлөсүндө кары адам бар ар бир бешинчи үй-бүлө компьютери бар жана дүйнөлүк желени колдонот. Ошол эле учурда айыл жергесинде бул көрсөткүч 5%ды түзөт”, - деп белгилейт Улуттук статистикалык комитет.

Бул изилдөөнүн жыйынтыгы кары адамдардын саясий, социалдык жана коомдук активдүүлүгү төмөн экенин көрсөткөн. Алардын 67%ы гана саясий уюмдардын ишмердигине катышып, 4,5%ы гана спорттук жана башка баарлашуу клубдарына барышат.

Ошол эле учурда, эркектер диний уюмдардын ишмердигинде 3 эсе, саясий ишмердикте 2 эсе көп катышат.

Пикир

Оставить комментарий