• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда I жарым жылдыкта 18,8 млрд сом өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду

Экономика 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы (МСК) 2021-жылдын январь-июнь айларында 18 млрд 851,5 млн сом өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн чогулткан. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында МСКнын төрагасы Илияз Иманбетов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, белгиленген план 103,9 % га аткарылган же 701,5 млн.сомго ашыкча аткарылган.

"Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 млрд 129,3 млн сомго көп чогулду (өсүү темпи 119,9%)", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий