• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда январь-апрелде өнөр жай продукциясынын көлөмү дээрлик 116 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда 2022-жылдын январь-апрель айларында өнөр жай продукцияларынын көлөмү 116 миллиардга жакын сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай көрсөткүч өткөн жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 10,3 пайызга жогору.

"Мындай өсүшкө фармацевтикалык продукциялардын – 12,3 пайызга, мунай заттардын – 24,3 пайызга, жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердүүлүктүн – 25,8 пайызга, негизги металлдар жана даяр металл буюмдарынын, унааларды жана жабдууларды кошпогондо – 32,0 пайызга, тамак-аш продуктулары суусундуктар менен жана тамеки заттарынын – 10,1 пайызга, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун – 2,9 пайызга өсүшү таасирин тийгизген", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, курулуш, айыл чарба жана дүң соода тармактарында оң тенденциялар байкалган, алардын көлөмү курулушта – 2,9 пайызга, айыл чарбасында – 2,2 пайызга, дүң жана чекене соода – 6,9 пайызга жогорулады.

Пикир

Оставить комментарий