• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда январь-сентябрда ИДПнын көлөмү 0,1 пайызга өстү

Экономика 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын январь-сентябрында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 485 млрд сомду түзүп, 0,1 пайызга өстү. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча ишкананы эсепке албаганда ИДП көлөмү январь-сентябрда 444 млрд сомду түзүп, 3,6 пайызга өскөн.

«2021-жылдын январь-сентябрында ИДПнын көлөмү 233 млрд сомду түзүп, 4,2 пайызга төмөндөгөн», - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий