• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда январда бейтаптарда анафилактикалык шоктун 9 учуру катталган. Бир адам каза болду

Ден соолук 0

Бишкек, 04.02.23. /Кабар/. Кыргызстанда январь айында бейтаптарда күчтүү антибиотик - цефтриаксон сайылгандан улам пайда болгон анафилактикалык шоктун 9 учуру катталып, алардын бири өлүмгө алып келген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Анализдин жыйынтыгы көрсөткөндөй, колдонулган дарылар ар кайсы өлкөлөрдүн өндүрүүчүлөрүнөн келген: Индия, Өзбекстан, Улуу Британия, Кытай, Египет, Түркия, Россия.

"5 учурда кыйыр таасир дары-дармектерди үй шартында, медайымды үйгө чакыртып, кошунага сайдырып, башкача айтканда, анамнез албастан, лабораториялык анализдерди тапшырбастан, медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүсүз колдонуудан улам келип чыккан”, - деп белгилешти министрликтен.

Адистер белгилегендей, мындай өз алдынча дарылануунун айынан бүгүнкү күндө анафилактикалык шоктун учурлары өсүп жатат. Ошондуктан реакциянын ылдамдыгын эске алып, күчтүү антибиотиктерди ийне аркылуу алуу дарыгердин көзөмөлүндө гана жүргүзүлүшү керек. Амбулатордук негизде дарыланган бейтаптарга антибиотикалык каражаттардын таблетка түрүн колдонуу сунушталат. Антибактериалдык препараттар дарыгердин рецеби менен гана сатылышы керек.

Анафилактикалык шок - бул тез, ылдам түрдөгү аллергиялык реакция. Анафилактикалык шокто дем алуу өтө кыйындайт, кан басымы төмөндөйт, эстен тануу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий