• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда январда ИДПнын көлөмү 37 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Алдын ала баалоого караганда, өлкөнүн ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү үстүбүздөгү жылдын январында 37 млрд сомду түздү. Бул 2021-жылдын январына салыштырмалуу 1%га өскөндүгүн Статкомдун тышкы соода статистикасы бөлүмүнүн башчысы Гүлсара Сулайманова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, үстүбүздөгү жылдын январында ИДПнын көлөмү 35 миллиарддан ашык сомду түздү жана 1,1 пайызга жогорулады.

Сулайманова маалымдагандай, өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январь айына карата 22 миллиарддан ашык сомду түздү жана өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 4,5 пайызга төмөндөдү, буга себеп химиялык продукциялардын ( 20, 5 пайызга), резина жана пластмастык буюмдар, башка метал эмес минералдык продуктар (18,7), тамак-аш продуктуларына (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдары (7,7 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алынуучу урандылар (6,6 пайызга).

Пикир

Оставить комментарий