• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда ички дүң продукциянын көлөмү 5,3 пайызга төмөндөдү

Экономика 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айлары аралыгында өлкөдөгү ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,3 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын алты айында ИДПнын көлөмү 228 млрд сомдон ашты.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2020-жылдын январь-июнь айларында ИДПнын көлөмү 196 миллиард сомду түзүп, 6,9 пайызга азайды.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү жыл башынан тарта 153 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын алты айына салыштырмалуу 0,1 пайызга жогорулады. Бул өсүш фармацевтикалык продукциянын көлөмүнүн көбөйүшүнө (2,4 эсеге), химиялык продукциянын (10,9 пайызга), жер астынан казылган баалуу металлдардын (9,8 пайызга), унаа менен анын шаймандарын эске албаганда, темир жана даяр темир буюмдарынын (9,0 пайызга) көбөйүшүнүн эсебинен болду.

Курулуш тармагында төмөндөөлөр байкалат, анын көлөмү - 9,1 пайызга азайды, дүң жана чекене соода тармагы - 14,9 пайызга төмөндөсө, айыл чарбасында оң тенденциялар байкалып, өндүрүүнүн көлөмү 1,6 пайызга өстү.

2020-жылдын январь-июнь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер 3,0 пайызга өстү. Бул тамак-аш продуктуларынын жана алкоголсуз суусундуктардына (6,4 пайыз), алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин бааларынын (5,4 пайызга) өсүшү менен шартталды. Ушул эле учурда, өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу июнь айында азык-түлүк эмес товарлардын баалары 1,0 пайызга төмөндөдү, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 0,1 пайызга ылдыйлады.

Керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулаганы Талас облусунда байкалды (5,7 пайыз). Бул башка региондорго салыштырмалуу баалардын тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга (12,8 пайызга) көбүрөөк жогорулаганы менен шартталды.

Пикир

Оставить комментарий