• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда ID-карта акысыз бериле баштады. Кимдер ала алат?

Коом 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда президенттин жарлыгынын негизинде 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карта (паспорт) акысыз бериле баштады.

Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Чынара Усупбаеванын айтымында, паспорт акысыз негизде 1-майдан 31-августка чейин берилет.

“Буга чейин 5 категориядагы жарандарга паспорт акысыз берилмек. Бирок кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан кийин ал категорияга жаңжалдан жабыркагандар кирди”, – дейт ал.

ID-карта төмөнкү категориядагы жарандарга акысыз негизде берилет:

-мамлекет тарабынан колдоого алынган жана интернаттарда жашаган 16 жаштагы балдар;

-18 жашка чейинки томолой жетим балдар;

-мамлекет тарабынан колдоого алынган жана интернаттарда жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар;

-мамлекет тарабынан колдоого алынган жана интернаттарда жашаган карыялар жана 70 жашка чыккан пенсионерлер;

-Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана Баткен окуясынын катышуучулары;

-кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандар.

Пикир

Оставить комментарий