• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда ИДП көлөмү 215 млрд сомду түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,6%га аз

Экономика 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылы январь-май айларында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 215 млрд сомду түзүп, 2020-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 1,6%га азайды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттеги маалымат жыйынында статистикалык маалыматты жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.

Анын айтымында, Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишкананы эске албаганда ИДПнын көлөмү болжол менен 192 млрд сомду түзүп, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,5%га көбөйгөн.

“2021-жылы январь-май айларында өндүрүш продукциясынын көлөмү 127 млрд сомго жакын болуп, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу фармацевтикалык продукцияны өндүрүү көлөмүнүн 41%га, химиялык продукция - 31,6%га, негизги металлдарды жана унаа жана жабдыктардан тышкары даяр металл буюмдарды чыгаруу 29,4%га, андан тышкары пайдалуу кен байлыктарды казуунун 4,3%га кыскаруусунун эсебинен 9,7%га азайган”, - деп маалымат берди адис.

Пикир

Оставить комментарий