• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда ИДПнын көлөмү 11 айда 626 млрд сомду түзүп, 2,4%га өстү

Экономика 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айлары аралыгында өлкөдөгү ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 626 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштери, коммуникациялар жана статистикалык маалыматты жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.

Анын айтуусуна караганда, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 569 миллиард сомду түзүп, 4,1 пайызга көбөйдү.

Пикир

Оставить комментарий