• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда ИДПнын көлөмү он айда 556 млрд сомду түзүп, 1,6%га өстү

Экономика 0

Бишкек, 12.11.21./Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айлары аралыгында өлкөдөгү ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 556 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштери, коммуникациялар жана статистикалык маалыматты жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.

Анын маалыматына караганда, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 506 миллиард сомду түзүп, 4,1 пайызга көбөйдү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2021-жылдын январь-октябрь айларында 274 миллиарддан ашык сомду түздү жана өткөн жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 0,2 пайызга жогорулады, буга себеп тазаланган мунайзат өндүрүшүндө (54,5 пайызга), муну менен катар, резина жана пластмасса буюмдарынын, башка металл эмес минерал продуктулар өндүрүшүндө (49,5 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдар өндүрүшүндө, полиграфиялык ишмердикте (29,9 пайызга), пайдалуу кендерди казуу өндүрүшүндө (18,9 пайызга), ошондой эле тамак-аш (анын ичинде суусундуктар) азыктарын жана тамеки өндүрүүдө (14,0 пайызга), көлөмдөрдүн жогорулаганы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий