• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда июль айында электр энергиясын керектөө 971 млн 206 миң кВт.с түздү

Экономика 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылы июль айында электр энергиясын керектөө 971 млн 206 миң кВт.саатты түздү. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, «КУЭТ» ААКтын Борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык, 2021-жылдын июль айында өлкөнүн энергетика тутумунда электр энергиясынын керектөөсү 971 млн 206 миң кВт.с. түзгөн.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 860 млн 577 миң кВт.саатты түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий