• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстанда июлда 4 миң 163 жаранга пенсия чектелди

Экономика 0

Бишкек, 09.08.22. /Кабар/. 2022-жылдын январь-июль айларында 40 миң 960 жаранга пенсия дайындалып чектелди. Бул тууралуу Социалдык фонддон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинде, 2022-жылдын июль айында 4 миң 163 жаранга пенсия чектелди.

Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 867 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.

Пикир

Оставить комментарий