• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда июнь айында жаңы эл аралык аба каттамдары ачылат

Коом 0

Бишкек, 30.05.19 /Кабар/. 2019-жылы туризм тармагын өнүктүрүү үчүн бир катар жаңы аба каттамын ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында жарандык авиация бөлүмүнүн башчысы Арзымат Матмуратов билдирди.

Анын айтымында, "QazaqAir" авиакомпаниясы 7-июндан тарта "Алматы-Ош-Алматы" каттамы боюнча жумасына эки жолу – жума жана жекшемби күндөрү уча баштайт.

"Андан тышкары, 5-апрелден тарта бул авиакомпания жумасына эки жолу – жума жана жекшемби күндөрү каттаган "Алматы-Бишкек-Алматы" боюнча каттамын ачкан. Ошондой эле "AirArabia" авиакомпаниясы 2-июлдан тарта "Шарджа-Бишкек-Шарджа" боюнча жумасына төрт ирет – шаршемби, бейшемби, ишемби жана жекшемби күндөрү уча баштайт. "Өзбек аба жолдору" авиакомпаниясы 27-июндан тарта сентябрь айына чейин "Ташкент-Тамчы-Ташкент" каттамын ачат. Каттамдар чартердик негизде жумасына бир ирет, жекшемби күнү жасалып турат", - деди ал.

Ал белгилегендей, "Атлас Глобал" авиакомпаниясы 10-июндан тарта жайкы мезгил учуруна аптасына 2 ирет – жума жана жекшемби күнү каттаган "Анталья-Бишкек-Анталья" каттамын ачат.

"Ошондой эле 22-июндан тарта сентябрь айына чейин "Сибирь" авиакомпаниясы аптасына бир ирет, жекшемби күнү учкан "Новосибирск-Тамчы-Новосибирск" аба каттамын ачат. 28-июндан тарта жай учуруна карата, "TezJet" авиакомпаниясы жумасына 4 жолу каттаган "Ош-Тамчы-Ош" каттамын жандандырат. "Түрк аба жолдору" авиакомпаниясы июнь айынан баштап жумасына бир ирет, ишемби күндөрү учкан "Анталья-Бишкек-Анталья" каттамын ачат", - деди Матмуратов.

Пикир

Оставить комментарий