• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда илимдин доктору жана кандидаты илимий даражасы үчүн кошумча акы 50%га көтөрүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 21.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда илимдин докторлору менен кандидаттарынын кошумча акысы 50%га жогорулайт. Бул тууралуу бүгүн министрлер кабинетинин облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын катышуусунда өткөн республикалык жыйында белгилүү болду.

Тиешелүү документ Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан даярдалды. Аталган ведомствонун башчысы Уланбек Мамбетакуновдун айтымында, бүгүнкү күндө илимдин доктору 1800 сом, ал эми илимдин кандидаты 900 сом кошумча акы алышат. Көбөйтүлгөндөн кийин кошумча акылар 2700 жана 1350 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда республикалык кеңешме уланууда. Ал кечээ, 20-январда башталган. Түшкү тамактан кийин Кыргызстанда иш алып барган каржы институттарынын башкармалыктарынын төрагалары менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий