• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстанда илимий эмгек жазган 70 адам плагиат жасап кармалды – Заякин

Коом 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Кыргызстанда 70 адам илимий эмгектерге плагиат жасоодо кармалды. Анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров бар. Бул тууралуу “Диссернет” долбоорунун негиздөөчүсү Андрей Заякин Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, плагиат түшүнүгү коомдук укукка тиешелүү, убакыттын өтүшү менен мындай “окумуштуулардан” билим алган студенттердин кызыгуулары жоголууда.

“Окумуштууларды даражаларынан ажыратуу дүйнө жүзүндөгүдөй мөөнөтсүз болушу керек. Бул көзөмөл, жаза эмес. Адамдар кимдир-бирөөнүн эмгегин алып, шаарлардын, өлкөлөрдүн аттарын Кыргызстанга өзгөртүп, башка тексттин 20 барагын кошуп коюшууда. Мындай адамдарды дароо илимий даражасынан ажыратуу керек”, - деди Заякин.

Пикир

Оставить комментарий