• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда Индиядан келген студенттер азайып, Пакистандыкы көбөйдү

Коом 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын окуу жайларында билим алган Индиядан келген студенттердин саны азайып, Пакистандыкы көбөйдү.

Бишкектеги маалымат жыйында Статкомдун социалдык статистика бөлүмүнүн башкы адиси Айнура Кошматованын айтымында, Кыргызстандын ЖОЖдорунда өткөн окуу жылында 83 миң чет элдик студент билим алган. Ал жалпы студенттердин 35 пайызын түзөт.

“КМШ өлкөлөрүнүн студенттери акыркы беш жылда 8 миңден 59 миңге чейин көбөйдү. Башкача айтканда, 8 эсе өстү. Ал эми КМШдан башка өлкөлөрдөн келген студенттердин саны акыркы беш жылда 9 миңден 24 миңге чейин жетти. Ошол эле учурда индиялык студенттердин саны 77 пайыздан 61 пайызга төмөндөп кетсе, Пакистандан келген студенттердин саны 6 пайыздан 32 пайызга жогорулады”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий