• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда интернет колдонгондордун саны жыл сайын өсүүдө - Догоев

Коом 0

Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2,5 млн. адам интернет колдонот. Бул тууралуу Бишкек шаарында өтүп жаткан "Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы" конференциясында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Анын айтуусунда, Кыргызстандын калкы 6,2 млн. адамды түзөт, анын ичинен 9,38 млн. адам интернет колдонот.

"2,5 млн. адам интернет колдонот, 2 млн. адам активдүү түрдө социалдык тармактарда отурат. Бул маанилүү мобилдик технологияларды колдонуу үчүн чоң потенциал", - деп билдирди ал.

Догоев билдиргендей, жыл сайын интернет колдонгондордун саны жыл сайын өсүүдө.

"Башкача айтканда, жыл сайын интернет колдонуучулардын саны 500 миң адамга өсүүдө. Биздин тургундар социалдык тармактарда активдүүлүгүн көрсөтүп келишет", - деп билдирди Дастан Догоев.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кошумчалагандай, Кыргызстандагы калктын 40 пайызында банктык эсеп бар, 15% - интернет банкинг кызматы менен колдонсо, 5% - сатуу жана сатып алууларды онлайн түрүндө жүргүзүшөт.

Пикир

Оставить комментарий