• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда интернетти колдонуунун көлөмү 33%га өстү − Маалыматтык технологиялар комитетинин төрагасы

Коом 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда интернетти колдонуунун көлөмү 33%га өстү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Ал азыры кырдаал биздин күнүмдүк жашообузду, арабызда болгон карым-катнашты кыйла өзгөрткөнүн айтып өттү.

“Бул чакырыктарга карабастан акыркы жылдары “Санарип Кыргызстан” концепциясынын алкганыда жасалган иштер бул кырдаалдан татыктуу өтүүгө мүмкүнчүлүк берди деп ишенем. “Санарип Кыргызстан” экосистемасынын эң негизги компоненти жана багыты санарип инфраструктурасы. Интернет инфрструктурасы, санарип телеберүү инфраструктурасы туруктуу иштеп берди. Аны менен бирге ал инфраструктура башка тармактарда дагы ийгиликтүү жана жемиштүү колдонулду. Интернетти пайдалануунун көлөмү жалпы республика боюнча 33%га өстү. Мисалы, Бишкек шаарында 6%га, Нарын облусу боюнча 64%га, Ош шаары жана Ош облусу боюнча 33%га өстү. Республикалык штабдын жана өкмөттүн чечимдерине ылайык биздин жеке операторлор дагы интернет берүүнү бир нече билим берүү ресурстарына акысыз кылды. Анын ичинде 7 окуу ресурстары акысыз интернет менен камсыз болду. Билим берүү тармагында пайдаланылган интернет ресурстардын жалпы колдонуучуларынын саны 223%га көбөйдү. Алар жалпысынан Билим берүү министрлигинин интернет ресурстары”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий