• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда инвестиция тартуу жана соода жүргүзүү үчүн бирдиктүү онлайн-аянтча иштелип чыкты

Экономика 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Кыргызстандын Инвестиция тартуу жана коргоо агенттиги, инвестиция тартуу жана соода жүргүзүү үчүн бирдиктүү онлайн-аянтчаны иштеп чыкты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында аталган агенттиктин директору Шумкарбек Адылбек уулу билдирди.

Анын айтымында, онлайн-аянтча аймактагы ишкерлерге бюрократиялык процесстерге такалбай, чет жерден инвестиция тартуу үчүн өзүнүн бизнес-пландарын көрсөтүүгө жардам берет.

"Сайтта учурдагы рыноктун маалыматтарын камтыган интерактивдүү карта бар. Инвестициялык порталда ар бир облустун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, аймактык бөлүнүшү ж.б. камтылган. Картада, экономиканын түрдүү тармактары боюнча 129 инвестициялык долбоор көрсөтүлгөн", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий