• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда Иран кино күндөрү өтөт

Коом 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Кыргызстанда 11-14-февралда Иран кино күндөрү болуп өтөт. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Кино күндөрүнүн алкагында Иран тасмалары Бишкекте 11-12-февраль күндөрү жана Ош шаарында 14-февралда көрсөтүлөт.

Бишкекте 11-февралда (иш-чара 15:00дө башталат) "Алтын жана бал" (реж. Х.Асадиан, 2011) жана 12-февралда "Жөн эле" (реж. Р.Миркарими, 2008), "Нарцисстер мезгили" (реж. Н. Азербайджани, 2017) тасмаларын көрүүгө болот. Тасмалар Алыкул Осмонов атындагы китепканада көрсөтүлөт.

Ал эми 14-февраль күнү бул тасмалар Ош шаарынын тургундарынын назарына коюлат.

Кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий