• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда ири инвесторлорго “алтын паспорт” берүү сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда ири инвесторлорго “алтын паспорт” берүү сунушталууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР президентине каратуу инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Равшанбек Сабиров билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда депутаттар тарабынан мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды, ага ылайык Кыргызстандын экономикасына 300 миң доллар инвестиция салган инвестор КРнын “алтын паспортун”, башкача айтканда жарандыгын ала алат.

“Мындай практика башка өлкөлөрдө дагы бар. Инвестор кандайдыр бир кыймылсыз мүлк сатып алып, же ишкана ачуу менен жарандык ала алат”, - деди Сабиров.

Пикир

Оставить комментарий