• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасынын биринчи фазасы ишке кирүүдө

Экономика 0

Бишкек, 26.11.19 /Кабар/. Кыргызстанда 2017-2026-жылдарга карата ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында биринчи фаза ишке кирүүдө. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев билдирди.

Анын айтуусу боюнча, агенттиктин негизги максаты аталган программаны жүзөгө ашыруу. Анын баасы 58,8 млрд сомду түзөт.

“Аталган мамлекеттик программа 66,5 миң гектар сугат жерин ишке киргизет, 51,08 миң гектар жерге суунун жетимдүүлүгүн жогорулатат, 9,5 миң гектар жерди машина менен сугаруу ыкмасынан өз алдынча сугарууга өткөрөт жана 50 миң гектар жердин мелиоративдик абалын жогорулатат. Ошондой программанын алкагында 245 миң жаңы жумуш орундарын түзүү пландалууда”, - дейт Таштаналиев.

Ал белгилегендей, 2023-жылдын аягына чейин 31 ирригациялык объект колдонууга берилет. Алардын жалпы баасы 13,4 млрд сом, кубаттуулугу – 26,8 миң гектар жаңы сугат жерлерин киргизүү жана 46 миң гектар жердин сугат абалын жакшыртуу.

“Программанын биринчи фазасын ишке киргизүүдө каражаттар бир гана мамлекеттик бюджеттен эмес, инновациялык булактардан да алынууда. Үстүбүздөгү жылы 14 ирригациялык объектинин курулушу каржыланган. Алардын ичинен сегизинде курулуш иштери жүрүүдө, экөөндө долбоордук-сметалык документтери аяктап жана төртөөндө инвестициялардын эсебинен курулуш иштери жүрүүдө. Ичинен 3 объект Кытай Эл Республикасынан берилген гранттын эсебинен каржыланып, бирөө Ислам өнүктүрүү банкынын эсебинен”, - деп кабарлады Таштаналиев.

Ошондой эле агенттиктин директору билдиргендей, кийинки жылы Нарын облусунун Кызыл-Жылдыз айылындагы Кара-Дөбө суусунда суу сактагыч ачуу пландалууда. Анын баасы 60 млн сомду түзөт, кубаттуулугу – 100 гектар жаңы сугат жерлери түзүлөт жана 368 гектар жердин ирригациясы жакшырат.

“Ошондой эле китайлык гранттын эсебинен Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында 65 млн сомго жаңы ирригациялык объект куруу пландалууда. Ал кошумча 333 гектар сугат жерин түзүп, 410 гектар жердин ирригациясын жакшыртат. Кадамжай районунда Молдо-Нияз каналын куруу иштеринин биринчи этабы ишке киргизилет. Анын жалпы баасы 280 млн сомду түзөт. Үстүбүздөгү жылы 300 гектар жаңы сугат жерлери ишке киргизилет, ал эми 2020-жылдын май айына чейин дагы 400 гектар киргизилет”, - деп кабарлады Таштаналиев.

Пикир

Оставить комментарий