• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда ишемби 29-декабрь дем алыш күнү, ал эми 31 декабрь – иш күнү

Коом 0

Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. Кыргызстанда ишемби 29 декабрь дем алыш күнү, ал эми дүйшөмбү 31 декабрь – иш күнү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлады.

Муну менен бирге министрлик премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 24 декабырында "Дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө" токтомуна кол койгондугу тууралуу эске салат.

Тактап айтканда, өкмөттүн «2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө» токтомуна ылайык, жарандар 2019-жылдын 1, 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-январында, ошондой эле 9, 10, 11 жана 12-майында эс алышат.

Белгилесек, документке ылайык, 25-февралдагы дем алыш күнү 2-январдагы жумушчу күнгө, 8-апрелдеги дем алыш күнү 3-январдагы жумушчу күнгө, 2-сентябрдагы дем алыш күнү 4-январдагы жумушчу күнгө, 6-майдагы дем алыш күнү (5-май дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 10-майдагы жумушчу күнгө которулууда.

Ушул токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-февралындагы №117 токтомунун 1 жана 2 – пункттарынын алтынчы абзацы күчүн жоготту деп эсептелинет.

Пикир

Оставить комментарий