• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанда «Ислам азыркы светтик мамлекетте» эл аралык конференциясы өтөт

Президент 0

БИШКЕК, 15.08.17. /КАБАР/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-августта, Кеңешчиси Мира Карыбаеваны кабыл алып, сентябрь айында өлкөбүздө өткөрүлө турган «Ислам азыркы светтик мамлекетте» эл аралык конференцияга даярдыктын жүрүшү тууралуу маалыматты укту. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Аталган эл аралык долбоордун максаты улуттук мамлекеттердин маданий өзүнчөлүгүн сактап калуу, диний баалуулуктарды жайылтуу шылтоосу менен радикалдуу идеяларды киргизүүгө жол бербөө, жалпылап айтканда диний чөйрөдө демократиялык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына Кыргызстанда өткөрүлө турган эл аралык конференциянын ишине эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жакынкы жана алыскы бир катар чет мамлекеттерден окумуштуулар, эксперттер катышаары болжолдонуп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.

Көтөрүлгөн идеянын өзгөчө актуалдуулугун жана экстремизмге, радикалдашууга каршы күрөшүүдө мамлекет менен диний коомчулуктун өз ара аракеттенишүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча алдыда турган милдеттердин маанисин баса белгилеп, Президент Алмазбек Атамбаев «Ислам азыркы светик мамлекетте» эл аралык конференцияга жакшы даярдыкты камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий