• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда ислам борборунун курулушуна каражаттарды топтоо марафону ишке ашырылат

Коом 0


Бишкек, 15-май /Роман Гайнанов – Кабар/. Кыргызстанда 16-майда Чүй облусунда ислам казыятынын курулушуна каражаттарды топтоо марафону башталат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” маалымат агенттигиндеги маалымат жыйынында Чүй облустук казысынын кеңешчиси Азыков Таалайбек ажы билдирди.

Анын айтымында, ислам борборун түзүүнүн максаты адамдарды бириктирүү болуп саналат. “Бүгүн биздин коомду улуту, түсү жана дини боюнча бөлүп-жарууга аракеттенип жатышат. Бирок биз Кыргызстан бир бүтүн болуп, түндүк менен түштүккө, ак менен карага бөлүнбөсө дейбиз. Бардык кыргызстандыктарды биз биримдикке жана меймандостукка чакырабыз. Жаңы казыятта конференцияларды, лекцияларды жана башка маданий иш чараларды өткөрүү пландалууда ”, - деди ал.

Ошондой эле, бул демилгени Чүй облусунун 20дан ашуун депутаты колдогондугун кошумчалады.

Маалымат жыйындын катышуучулары билдиргендей, курулуштун чыгымдарынын көп бөлүгүн кайрымдуулук менен алектенген арабдар бөлүшөт. “Бирок биз алды менен зарыл болгон сумманын 20%ын табууга тийишпиз. Ошондуктан, биз бул марафонду өткөрүп жатабыз”, - деп белгиледи ал.

Казыят – бул муфтиятка баш ийген, анын аймактык түзүмдүк бөлүгү.

Пикир

Оставить комментарий