• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда изилдөө иштеринин сапаты начарлап жатат - Жогорку аттестациялык комиссия

Коом 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда илимий кызматкерлердин саны көбөйгөнү менен изилдөө иштеринин сапаты төмөндөп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Жогорку аттестациялык комиссиянын төрайымы Бакыт Тыналиева билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда окумуштуулардын саны өсүп жатат.

"Ал нерсе элибиздин билимге жана интеллектуалдык ишмердүүлүккө умтулуусунун оптималдуу көрсөткүчү болуп саналат. Эксперттерибиз белгилегендей илимий кызматкерлердин саны көбөйгөнү менен изилдөө иштеринин сапаты төмөндөп жатат. Ири ачылыштар, практикалык пайдалуу иштелмелер азайгандан-азаюуда. Диссертацияларда анализ басымдуулук кылып, аны жазгандар тигил же бул маселени башкача өңүттө кароо менен чектелип калууда", - деп, Тыналиева ал жагдай каржылоо маселеси менен байланыштуу болуп жатканын билдирди.

Ал билдиргендей, Кыргызстанда илимди каржылоо ички дүң өңүмдүн 0,08%ын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий