• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда көбүнчө табигый илимдер боюнча мугалимдер жетишпейт

Коом 0

Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. Кыргызстандагы мектептерде көбүнчө табигый илимдер боюнча мугалимдер жетишпейт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, учурда мектептерде 400гө жакын вакансия бар. Көбүнесе, мугалимдер Бишкекте жана Чүй облусунда жетишпегени байкалат.

"Биздин оюбузча, мындай жагдай ички миграциядан улам болууда. Бишкек менен Чүй облусунда 76 вакансия жана өлкө боюнча 400гө жана вакансия бар. Көбүнчө, табигый илимдер (химия, физика, информатика, математика) боюнча мугалимдер жетишпей келет", - деди ал.

Ал белгилегендей, мектептерде окуучулардын саны 18%га арткан.

"Арийне, мындай жагдай кубандырат. Бирок, балдар сапаттуу билим ала алышы үчүн мектеп жана бала бакчаларды куруу маселесин чечүү керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий