• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстанда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 10.09.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын аймагында 10-сентябрь таңкы саат 06:08де күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө Кара-Суу районундагы Чийки, Курак, Кабылан-Көл айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий