• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө каталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 22-мартта саат 22.01лер чамасында катталып, очогунда күчү 2,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек жана Лангар айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

Пикир

Оставить комментарий