• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда күчү 2,5 жана 4 баллга жеткен эки жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 09.12.19. /Кабар/. Кечээ, 8-декабрда Ош жана Жалал-абад облустарынын аймагында жер титирөө катталды. Бур тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 8-декабрь күнү саат 13:07де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Сузак районунун Орток айылында 2,5 жана Сай айылында 2 баллга чейин сезилген.

Ошол эле күнү саат 23:40та Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Кара-Шыбак, Жар-Башы, Күлчү, Шибе айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий