• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. - деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 24-июль күнү саат 02:34тө Кыргыз Республикасынын аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Көл, Косо-Терек айылдарында, Кара-Көл шаарында жана Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий