• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 27-ноябрь күнү саат 06:27де өлкө аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Ноокат районун Жайылма жана Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Кашка-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий