• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 13-январь күнү саат 01:07де Кыргыз Республикасынын аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жайылма айылында 2 балл, Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий