• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 23-февралда саат 11:03тө очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.

Жер титирөө Талас облусунун Талас районунун Үч-Эмчек айылында, Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий