• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Кечээ, 24-майда Кыргызстанда очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Ачык-Суу айылынан 25 чакырым түштүк-чыгыш тарабында болгон.

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3 балл, Кашка-Суу, Кара-Кабак, Жайылма айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий