• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 1.07.21. /Кабар/. 2021-жылы 21-июлда жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:33тө Кыргызстандын аймагында очогунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР УИА Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, тактап айтканда Кызыл-Көл айылынан түндүк-чыгышка карай 13 км, Аркыт айылынан түндүк-чыгышка карай 16 км, Чат айылынан түндүк-чыгышка карай 17 км аралыкта жайгашкан.

КРнын калктуу пунктарында Аркыт, Кызыл-Көл, Чат айылдарында 3 баллга сезилген.

Пикир

Оставить комментарий