• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 31.01.18. /Кабар/. Ош жана Баткен облустарында күчү 2,5-3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

КР УИАнын сейсмология институтунун болжолдуу маалыматы боюнча, жер титирөө бүгүн, 31-январда болжол менен саат 13:07 чамасында катталып, очогу Афганистан республикасында болгон. Борборунда күчү 7-8 баллга чейин жеткен. Ал эми КРдин түштүк аймагында жер титирөө очогунда 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий