• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Коом 0

Бишкек, 04.06.18. /Кабар/. Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жер титирөө үстүбүздөгү жылдын 2-июнунда болжол менен саат 14:45 чамасында катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Шибе айылында 4,5 балл, Кулчу, Чак, Жаш-Тилек, Жар-Башы, Кара-Мык, Кара-Тейит айылдарында 4 балл, Дароот-Коргон, Кызыл-Эшме айылдарында 3,5 балл, Кабык, Ачык-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий